АКШнын борбору Вашингтон шаарында учак кырсыгы катталды. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, аталган шаарда жайгашкан Рональд Рейган атындагы аэропортко жакын жердеги Потомак дарыясына 65 жүргүнчүгө ылайыкташкан учак кулап түшкөн.
АКШнын Федералдык авиация башкармалыгынын маалыматына ылайык, жүргүнчү ташыган учак 29-январда жергиликтүү убакыт боюнча саат 21:00дө конуп жатып тик учак менен кагылыша кеткен. Кырсыкка кабылган учак Канзас штатынын Вичита шаарынан Вашингтонго учуп келе жаткан.
Учурда жабыркагандар тууралуу маалыматтар такталууда. Айрым маалымат каражаттары каза болгондор бар экенин жазышууда.