АКШдагы учак кырсыгы: Орусиялыктардын сөөктөрүн мекенине алып кетүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө 

Орус дипломаттары АКШнын тийиштүү кызматтары менен Вашингтондогу учак кырсыгынан каза болгон орусиялыктардын сөөктөрүн алып кетүүгө байланыштуу бардык формалдуу иштерди талкуулап жатат. Бул туурасында Орусия президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдиргенин басылмалар жазышты.

“Тилекке каршы, чоң жоготуу болду. АКШдагы биздин дипломаттар сөөктөрдү жеткирүүгө байланыштуу тийиштүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат. Азырынча алардын так саны такталууда”, - деп белгилеген Песков.

Белгилей кетсек, 30-январда АКШнын борбору Вашингтон шаарында учак кырсыгы катталгандыгы айтылган. Жүргүнчү ташыган учак 29-январда жергиликтүү убакыт боюнча саат 21:00дө конуп жатып тик учак менен кагылыша кетип, Рональд Рейган атындагы аэропортко жакын жердеги Потомак дарыясына түшүп кеткендиги белгилүү болгон. Учакта 60 жүргүнчү жана төрт экипаж мүчөсү болгону айтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан