Дональд Трамп Панама каналын АКШга алуу боюнча жаңы кайрылуу жасады

АКШ президенти Дональд Трамп Панама каналындагы кырдаалды жөнгө салууда аскердик күчтүн катышуусунун зарылдыгы жок экенин билдирди.

"Панамада аскерлерге муктаждык болбойт деп ойлойм", - деген ал Вашингтондун жанындагы Эндрюс авиабазасында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып. Ошондой эле АКШ лидери каналды Кытай көзөмөлдөп жатат деп белгилеген.

Эске салсак, Трамп шайлоону жеңип чыккандан кийин Панама каналын АКШга кайтарып алуу үчүн аскердик жана экономикалык чаралар көрүлүшү мүмкүн экенин айткан. Панаманын тышкы иштер министри Хавьер Мартинес Ача канал сатылбастыгын билдирип, канал бүткүл эл аралык коомчулукка, өзгөчө Кошмо Штаттарына ийгиликтүү кызмат көрсөтүп келе жатканын айтып, аны динге салыштырган.

Кийин Трамп 20-январдагы инаугурациясында сүйлөгөн сөзүндө Панама каналын Вашингтонго кайтаруу идеясын дагы бир жолу кайталаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан