Трамп Гренландияны Даниядан алуу үчүн аскердик чараларды колдонушу мүмкүн

АКШнын жаңы шайланган президенти Дональд Трамп 6-январда Флоридадагы Мар-а-Лаго резиденциясында маалымат жыйынында сүйлөп жатып, АКШ Панама каналын кайтарып алуу жана Гренландияны Даниядан алуу үчүн аскердик же экономикалык чараларды колдонушу мүмкүн экенин четке каккан жок.

Ал Гренландия Вашингтонго "эркин дүйнөнү" Орусия менен Кытайдын коркунучтарынан коргоо үчүн зарыл экенин баса белгилеп, Данияны аралдан баш тартууга чакырды.

Мындан тышкары Трамп Мексика менен Канададан импорттолуучу товарларга олуттуу тарифтерди киргизүү, ошондой эле Мексика булуңунун атын Америка булуңу деп өзгөртүү планын жарыялады.

Трамптын сөзү Жо Байдендин администрациясын Украинага карата саясаты үчүн сынга алуу менен коштолду. Ал азыркы президентти компетентсиз деп айыптады, анын пикири боюнча, бул орус баскынчылыгын жаратышы мүмкүн.

"Бул согуш болбошу керек болчу. Эгер мен президент болсом, бул эч качан болмок эмес”, - деди Трамп.

Анын шайлангандан берки экинчи пресс-конференциясы Конгресс шайлоонун жыйынтыгын расмий тастыктагандан бир күн өткөндөн кийин болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан