Москвадагы "Алые Паруса" турак жай комплексиндеги жарылуудан алган жаракатынан улам Донецктин бокс федерациясынын президенти Армен Саркисян каза болду. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү Телеграм каналдары жазышты.
Жарылуудан ал өтө оор абалда ооруканага жеткирилген. Дарыгерлер анын бир бутун кесип жаткан маалда Саркисян каза болгон.
Москвадагы жарылуу бүгүн, 3-февралда болду. Анда 35-40 жаштардагы белгисиз адам "Алые Паруса" турак жай комплексине белгисиз жардыргыч зат таштап кеткен. Ал зат Армен Саркисян лифттен чыккан маалда жарылган. Окуя болгон жерден бир адам каза болсо, үчөө оор абалда ооруканага түшкөн. Алардын бири Саркисян болчу.
Армен Саркисян Арменияда туулган, бирок жаш кезинде Горловкага көчүп кеткен. 2022-жылдын сентябрында Саркисян Донбасста "Арбат" армян батальону түзүлгөнүн жарыялаган. 2023-жылдын жай айында аталган батальон Орусиянын Коргоо министрлигинин системасына кирген.