Москвада бокс федерациясынын президенти Саркисянга кол салуу болуп, ал бутунан ажырады

Бүгүн, 3-февралда Москвадагы элиталык турак жай комплекстеринин биринде катуу жарылуу болду. Бул тууралуу Орусиянын жергиликтүү Телеграм каналдары жазышты.

Алдын ала маалыматтар боюнча, имараттын фойесинде курьер алып келген болушу мүмкүн болгон колго жасалган жардыруучу зат жарылган.

Такталбаган маалыматтарга караганда, кол салуу "Арбат" батальонунун негиздөөчүсү жана Донецктин бокс федерациясынын президенти Армен Саркисянга болушу мүмкүн. Жарылуу ал лифттен чыккан учурда болгон.

Орус Телеграм каналдары Саркисян учурда комада жатканын, дарыгерлер анын сол бутун кесип жатканын кабарлашууда.

Алдын ала маалыматтар боюнча, жарылуудан бир адам каза болуп, кеминде бешөө жарадар болгон. Окуя болгон жерде Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен тик учак тартылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан