Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министри Бакыт Төрөбаев Кыргызстанда картошканын баасын ортомчулар көтөрүп жибергенин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-февралда "Биринчи радиого" маек берип жатып билдирди.
Анын айтымында, өлкөдө картошка жетиштүү деңгээлде бар, жер-жерлерде дыйкандар картошканы дүң баада 30-40 сомдон сатууда.
"Сатуучулар базардагы бааны көтөрүп жиберишти. Бизде бүгүнкү күндө картошканын көлөмү жетиштүү. Дыйкандар 35-40 сомдон сатууда. Алар бул баага ыраазы. Бирок ортомчулар бааны 75 сомго чейин көтөрүп жиберишти. Кечээ эртең менен Ош шаарындагы базарларда картошканын баасы 60 сом болуп жаткан экен, иш-чараларды жүргүзүп 49 сомго түшүрдүк. Алып сатарлар бааны ашыкча кошпош керек. Эң негизгиси биздин дыйкандар жабыр тартпоосу зарыл. Эми кайсы жерде картошканын баасы көтөрүлүп кетсе, ошол жерге картошка алып барабыз", - деди министр.
Белгилей кетсек, буга чейин Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги картошканы убактылуу чет жакка экспорттоого тыюу салууну карап жатканын билдирген.