Кытайдын Харбин шаарында өтүп жаткан Кышкы Азия оюндарынын алкагында кёрлинг боюнча мелдештер башталып, улуттук курама команда жеңишке жетти.
Тагыраагы, Кыргызстандын улуттук курама командасы Кувейт курама командасын 8:6 эсебинде жеңген. Эми кыргыз оюнчулары экинчи беттеште Филиппин курама командасы менен күч сынашат.