Хоккей боюнча Кыргыз улуттук курама командасы коңшу Кытайдын Харбин шаарында өтүп жаткан Кышкы Азия оюндарында алгачкы команданы жеңди.
Анда Кыргыз курамасы Кувейт менен кез келип, 9:8 эсебинде жеңишке жеткен.
IX Кышкы Азия оюндары 14-февралга чейин уланат. Кышкы Азия оюндарына Кыргызстандын атынан спорттун 5 түрү боюнча 50 спортчу катышууда.