Москванын түндүк-батышындагы элиталык "Алые Паруса" турак жай комплексиндеги жардырууну жанкечти жасаган болушу мүмкүн. Бул тууралуу РИА Новости укук коргоо органдарындагы булактарына таянуу менен жазды.
Алдын ала маалыматтарга караганда, ал Армен Саркисянды турак жай комплексинин фойесинде күтүп отуруп, Саркисян лифттен чыгып келе жаткан маалда денесине катып алган жардыргыч затты жардырып жиберген.
Сөз Армениянын жараны жөнүндө болуп жатат, ал болжол менен 55 жашта. Анын бутунда кылыч татуировкасы бар экени белгилүү болгон. Бул анын мурда десанттык аскерлерге же башка элиталык аскерлерге мүчөлүгүн көрсөтөт.
Ал эми ал жардырган зат МОН-50 минасы экени белгилүү болду.
Москвадагы жарылуу 3-февралда болгон. Анда белгисиз адам "Алые Паруса" турак жай комплексине жардыргыч зат таштап кеткен. Ал зат Донецктин бокс федерациясынын президенти Армен Саркисян лифттен чыккан маалда жарылган. Окуя болгон жерден бир адам каза болсо, үчөө оор абалда ооруканага түшкөн. Алардын бири Саркисян болчу. Саркисян кийинчерээк бир бутун кесүү учурунда каза болгон.