Зеленский Армен Саркисянды жардырып өлтүрүүгө Украинанын тиешеси бар экенин кыйытты

Украинанын президенти Владимир Зеленский Украинанын Коопсуздук кызматы Донбасста жана согуш майданында адам өлтүрүүгө катыштыгы бар делген адамды жок кылганын билдирди. Бул тууралуу ал британиялык журналист Пирс Морганга берген маегинде айтты.

Сүйлөшүү учурунда журналист андан жакында эле Москванын "Алые Паурса" турак жай комплексинде болгон жарылуу боюнча сураган. Жооп катары Зеленский Украинанын Коопсуздук кызматы украиналыктарды өлтүргөн деп айыпталган адамды жок кылуу операциясын жүргүзгөнүн белгиледи.

"Мен кайсы киши өлтүрүлгөнүн билбейм. Бирок Украинанын Коопсуздук кызматы биздин мамлекеттин чыгышындагы согушта киши өлтүрүүлөрдүн артында турган бир адамды жок кылды. Өлтүрүлгөн адамдын аты-жөнүн билбейм, мен үчүн бул окуянын чын-төгүнүн айтыш кыйын", - деген Зеленский.

Москвадагы жарылуу 3-февралда болгон. Анда белгисиз адам "Алые Паруса" турак жай комплексине жардыргыч зат таштап кеткен. Ал зат Донецктин бокс федерациясынын президенти Армен Саркисян лифттен чыккан маалда жарылган. Окуя болгон жерден бир адам каза болсо, үчөө оор абалда ооруканага түшкөн. Алардын бири Саркисян болчу. Саркисян кийинчерээк бир бутун кесүү учурунда каза болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан