Блогер Аружан Бекешова жаңы сүйүүсүн тапканын билдирди. Бул тууралуу ал Инстаграмдагы баракчасына жигити менен биргеликте түшкөн видео, сүрөттөрү менен бөлүшүп, билдирүү калтырган.
"Менин кандай кезимде жолуктуң, мени кандай адам кылдың. Кел бактылуу болууга ант берели", - деп жазган ал.
Аружан учурда казак жигити, блогер Бакытжан Молдашев аттуу жигит менен кыз-жигит мамиледе экенин ачыктады.
Белгилей кетсек, казак кызы Аружан менен кыргызстандык блогер Арген Асанов 2023-жылдын июль айында баш кошуп, 2024-жылдын июль айында эки жолго түшкөнүн жарыялашкан.