Белгилүү актёр Аскат Сулайманов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу өлкөдөгү чала блогерлерге ачуусу келгенин айтты.
Актёрдун айтымында, жакында эле таанышынын баласы ооруп, ага 130 миң доллар керек болгон. Таанышы блогерлерге кайрылса алар чогулган сумманын 25 пайызын берүү талабын койгон.
"Азыр эле уктум, тааныштардын баласы ооруп, аларга 130 миң доллардай акча керек экен. Ошону блогерлерге жардам сурап кайрылышса, "25 пайызын бересиңер, анан биз чыгарып, иштеп беребиз" дептир. 130 миң доллар чыгарыш үчүн 30 миң доллардай бериш керек да, туурабы? Кантип уялбай аласыңар ошол акчаны? Мен эми блогерлердин баарын айткан жокмун.
Ушунчалык таң калдым. Силердин 6 жашар балаңар ооруп калса эмне кыласыңар? Кудайды ойлош керек. Жөн эле чыгарып берип койсоңор болбойбу. Мен бир тыйын албай чыгарып берип, тескерисинче, кайра жардам берем. Ушунчалык таң калдым.
Кандай эле үй алып калат дейм да чычымдар. Кантип акча таап жатышат, күнү-түнү иштеп биз ала албай жатабыз. Көрсө, ушинтип оорунун үстүнөн иштеген немелер турбайсыңарбы", - деди Аскат Сулайманов.
Актёр бул бардык блогерлерге тиешелүү эмес экенин кошумчалады.