Садыр Жапаров ханзаада Рахим Ага Ханга көңүл айтты

Өлкө башчы Садыр Жапаров ханзаада Рахим Ага Ханга атасы ханзаада Карим Ага Хандын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

“Сиздин атаңыз, улуу мартабалуу ханзаада Карим Ага Хан дүйнөдөн мезгилсиз өттү деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Сизге жана жакын туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Ханзаада Карим Ага Хан өз өмүрүн элдин жакшылыгына арнап, билим берүү, саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү жаатына зор салым кошуп, дүйнө жүзүндөгү миллиондогон адамдарга үмүт жана мүмкүнчүлүк тартуулады. Анын асыл иштери, гумандуулук жана боорукердик баалуулуктары келечек муундар үчүн өрнөк болуп калат.

Аза кайгыңызды тең бөлүшүп, бекем кайрат жана сабыр тилейм. Жаткан жери жайлуу болсун. Ыйманы саламат болсун”, - деп айтылат мамлекет башчысынын телеграммасында.

Дүйнөлүк мусулман-исмаилиттердин имамы Карим Ага-Хан IV кечээ, 4-февралда Португалиянын борбору Лиссабондо 88 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан