Ханзаада Карим Ага Хан IV Португалиянын Лиссабон шаарында каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Дүйнө жүзүндөгү исмаилиттердин руханий лидери кечээ, 4-февралда 88 жаш курагында дүйнөдөн кайткан. Ал каза болору менен эле кийинки руханий лидер дайындалган. Анын ысымы Ага Хандын керээзи окулгандан кийин белгилүү болот.
Белгилей кетсек, Ага Хан өнүктүрүү тармагы Кыргызстанда 2002-жылдан бери өз долбоорлорун ишке ашырып келет.