Бүгүн, 6-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында баңгизатты колдонгондорго жана жарнама кылгандарга жазаны катаалдаштыруу боюнча мыйзам долбоору үчүнчү окууда каралып, колдоо тапты.
Эл өкүлдөрү Медербек Алиев менен Аида Исатбек кызы тарабынан демилгеленген документ Жарандык кодекске, Кылмыш-жаза кодексине, Укук бузуулар жөнүндө кодекске, Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине жана "Баңгизат каражаттары, психотроптук заттар, алардын аналогдору жана прекурсорлору жөнүндө" мыйзамына түзөтүүлөрдү киргизүүнү сунуштайт.
Эске салсак, мыйзам парламентке 19-декабрда биринчи окууда кирип, жактырылган. Мыйзамга ылайык, баңгизатты жарнама кылгандарга айып пул салуу жазасы күчөтүлүп, 3 жылдан 10 жылга чейин абакка кесилет. Баңги жасалуучу дарыларды дарыгердин сунушу жок саткан дарыканага 200 миң сом айып пул салынып, 2-3 жылга иштөөсүнө бөгөт коюлат.