Москва шаарынын четиндеги райондордун биринде көчөдө түндө жөрмөлөп жүргөн 11 айлык ымыркай кызды психикалык жактан жабыркаган чоң энеси үйдөн көтөрүп чыгып кеткен. Бул тууралуу 112 Телеграм каналы жазды.
Маалыматка ылайык, ымыркай кызды байкап калган Баха аттуу айдоочу болгон. Ал алгач жүрөгү түшүп, андан кийин ымыркайды унаага алып келип салып, үстүн жаап жылыткан. Ымыркай көгөрүп, үшүп калган. Ал жерден жүк ташуучу унаалар арты-артынан өтүп жаткан. Алар ымыркайды байкамак эмес.
Андан ымыркайды сураган аял чоң энеси болгон. Ал психикалык жактан жабыркайт жана жакында эле дарылоо курсунан чыккан. Ал небересин түндө үйдөн көтөрүп чыгып кеткен. Ымыркай кыз анын колунан кантип чыгып, көчөгө жөрмөлөп чыкканы белгисиз.
Ымыркайдын ата-энеси айдоочуга ыраазычылык иретинде акча берген. Бирок айдоочу аны алуудан баш тарткан.
Буга чейин Москвадагы көчөлөрдүн биринде түндө ымыркай көчөгө жөрмөлөп чыкканы кабарланган.