УКМК Фейсбук колдонуучусун кармады

Массалык башаламандыкка чыкырык жасаган Ali Osman аттуу Facebook социалдык тармагынын колдонуучусу кармалды. Бул тууралуу УКМК кабарлады.

УКМКнын маалыматына ылайык, ал массалык башаламандыктарга жана бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына активдүү баш ийбөөгө чакырыктарды байма-бай жарыялап келген. Кармалган жаран 1978-жылы туулган К.А. жаран болгон.

"Ал өзүнүн жасаган иштери үчүн жоопкерчиликтен качуу үчүн купуялуулук жөндөөлөрүнө кайрылып, Facebook социалдык тармагынын фейк аккаунттарын колдонгон. Кармалган К.А. Кыргызстанда тыюу салынган "Хизб ут-Тахрир" диний-экстремисттик уюмунун активдүү мүчөсү экени аныкталды. Азыркы учурда кошумча тергөө иш-чараларын жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо үчүн тиешелүү тергөө-процессуалдык аракеттер жүргүзүлүүдө", - деп билдиришти УКМКдан.

Ал эми К.А. УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

УКМК расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутууга, ошондой эле массалык башаламандыктарды уюштурууга жана ага катышууга багытталган аракеттер үчүн мыйзамда 10 жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу менен кылмыш-жаза жоопкерчилиги каралгандыгын эскертти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан