Белгилүү актёр Аскат Сулайманов жарандык активист, блогер Илим Карыпбековдун анын дарегине айткан кайрылуусуна жооп кайтарды. Бул тууралуу ал бүгүн, 6-февралда социалдык тармактагы баракчасына бөлүштү.
Сулайманов ал блогерлердин аты-жөнүн эмес, жазышкандарын чыгарайын дегенин, бирок алар жардам сурагандар менен жолугуп сүйлөшкөнүн белгилеген. Ошондой эле жардам сурап кайрылгандар туугандары эмес, жөн гана тааныштары экенин кошумчалаган.
"Билип туруп чыгар да, жөн эле көчөдөн айта бербей" дептирсиң, сен көчөдөн эле айтып жүргөнсүң, Илим. Мындан 4-5 жыл мурун мени жамандаганыңды билесиңби, ошол үчүн менден качан кечирим сурайсың?
Менин кайрылуума сен анча эмне териктиң, же сен да блогерсиңби эмне? Жетчү кишиге өзү эле жетет. "Хайп кармап" дептирсиң, мага азыр хайптын кереги жок. Менин видеомо жооп берип, сен хайп кармап жатасың. Илим, сен менин видеолорума комментарий бербей эле койчу. Мен кааласам ким менен эмне деп сүйлөшкөнүн далилдеп да берем. Болгону мусулманчылыкта бирөөнүн жүзүн элге көрсөтүп айыбын ачканга болбойт деп коёт. Түшүнчү киши ага жеткирбей эле түшүндү. А түшүнбөгөндөр жоругун уланта берет. Анын жүзүн көрсөткөндө сен барып сабайсыңбы, же сотко бересиңби?
Илим, сен ден соолугуңду чыңдап, тоого барып жүрө берчи. Мага тийишпей эле койчу. Мен өзүмдүн ишимди кылып жатам. Мени аябай сыйлайт экенсиң, мен да сени сыйлайм. Социалдык тармактан айтышып кереги жок, андай сүйлөшкүң келип жатса театрга кел", - деди Сулайманов.
Буга чейин Карыпбеков Сулаймановдун өлкөдөгү чала блогерлерди сындаганына жооп берген. Ал актёрду кеп кылып жаткан блогерлерди аты-жөнү менен чыгарууга, эгерде ким экени тууралуу так маалыматы жок болсо, кайрылуусун өчүрүп коюуга чакырган.
Эске салсак, кечээ актёр Аскат Сулайманов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу өлкөдөгү чала блогерлерге ачуусу келгенин айткан. Актёрдун айтымында, таанышы блогерлерге кайрылса алар чогулган сумманын 25 пайызын берүү талабын койгон.