Чет өлкөдөн мыйзамсыз ташылып келди делген унаалар өлкөгө 2025-жылга чейин кирген болсо гана мыйзамдаштырылат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.
Министрлик мекемелер аралык түзүлгөн жумушчу топ өз ишин аяктап, даярдаган сунуштарын Министрлер кабинетинин кароосуна жөнөткөнүн белгиледи.
Мындан тышкары документте төмөнкү чаралар каралган:
Эске салсак, өлкө башчы Садыр Жапаров чет элдик номурлуу унааларды мыйзамдаштыруу боюнча жарлыкка кол койгон. Анда мыйзамдаштыруу 3 этап менен ишке ашырылары көрсөтүлгөн. Мындан улам легалдаштырууну жөнөкөйлөтүү үчүн мекемелер аралык жумушчу топ түзүлгөн.