"Биз дагы..." Иран Вашингтонго окшош жооп кайтарыларын эскертти

Тегеран АКШнын достукка жатпаган аракеттерине дал өзүндөй жооп кайтарат. Бул тууралуу Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи айтканын IRNA маалымат агенттиги билдирди.

"Эгер бизди коркутса, биз аларды коркутабыз. Эгер алар аны ишке ашырса, биз дагы ишке ашырабыз. Эгер алар биздин коопсуздугубузга кол салса, албетте, биз дагы алардын коопсуздугуна кол салабыз", - деген ал.

Эске салсак, 4-февралда АКШ президенти Дональд Трамп Тегеранга кысым көрсөтүү саясатынын алкагында Ирандын мунай экспортун токтотууга жетишүү ниети бар экенин айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан