АКШ Иранга каршы катаал санкцияларды киргизет

АКШ президенти Дональд Трамп Тегеранга кысым көрсөтүү саясатынын алкагында Ирандын мунай экспортун токтотууга жетишүү ниети бар экенин айтты. Ал бул тууралуу Вашингтондо Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху менен өткөргөн маалымат жыйынында билдиргенин чет элдик басылмалар жазышты.

Трамп Иран мунай экспортун нөлгө түшүрүүнү каалап жатканын баса белгилеп, Тегеранга каршы катаал санкцияларды киргизүүнү убада кылган. Ошондой эле ал эгер Иран өзөктүк куралдан баш тартса, укмуштуудай келечекке ээ болушу мүмкүн экенин эскерткен.

Буга чейин ал АКШнын Иранга максималдуу кысымын калыбына келтирүү боюнча жарлыкка кол койгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан