Ош облусунун Өзгөн шаарында тамактануучу жай жана аскердик комиссариаттын кампасынын чатырын каптаган өрт өчүрүлдү. Бул тууралуу бүгүн, 9-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.
Маалыматка ылайык, тилсиз жоо саат 10:00дө толугу менен өчүрүлгөн. Жалпы күйгөн аянт болжол менен 700 чарчы метрди түзгөн. Өрттөн жабыркаган жарандар катталган жок. Учурда тиешелүү кызматтар тарабынан өрттүн келип чыгуу себеби жана келтирилген чыгымдар такталууда.
Буга чейин түнкү саат 03:22де Өзгөн шаарынын Ленин көчөсүндө өрт чыкканы кабарланган. Өрт саат 05:23тө чектөөгө алынган.