Өзгөн шаарында ири өрт чыкты (видео)

Бүгүн, 9-февралга караган түнү Өзгөн шаарында ири өрт чыкты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдирди.

Маалыматка ылайык, түнкү саат 03:22де Өзгөн шаарынын Ленин көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Өрттү өчүрүүгө жалпы 6 бөлүм тартылган.

Тилсиз жоонун кесепетинен “Аура” тамактануучу жайынын жана райондук аскердик комиссариаттын (военкоматтын) кампа имаратынын чатыры күйгөн. Өрт саат 05:23тө чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иштери жүрүүдө. Өрттөн жабыркаган жарандар катталган жок.

Келтирилген материалдык чыгымдар жана өрттүн келип чыгуу себеби такталууда. ӨКМ толук маалымат берилерин кошумчалады.

Видео
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан