Ырчы, блогер Аида Багышбекова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына денеси көгөргөн жана көзүнө жаш алган видеосун жарыялады.
"Бактылуу окуянын аягы. Эч кимди күнөөлөбөй, сөкпөй, урушпай, жөн гана бакыт тилегилечи, суранам", - деп жазды видеонун астына ал.
Белгилей кетсек, Аида Багышбекова казакстандык Нурдаулет Толепберген аттуу блогер менен "Косулайык" телеберүүсүнөн таанышып, эки жаш былтыр октябрь айында баш кошушкан.