"Эгерде алар бизди таштабаса". Зеленский Орусия менен сүйлөшүүлөрдү баштоо шартын атады

Украинанын президенти Владимир Зеленский британиялык ITV News телеканалына берген маегинде Орусия менен сүйлөшүүлөргө даяр экенин айтып, Москва менен жаңжал 2025-жылы бүтүшү мүмкүн экенин моюнуна алды.

Бирок, ал кошумчалагандай, бул үчүн Киев АКШ менен Европанын убадаларынын аткарылышына ишениши керек.

"Эгерде мен Америка менен Европа бизди таштабай турганын жана алар бизди колдоп, коопсуздук кепилдигин берерин ишендиришсе, анда мен бардык форматтагы сүйлөшүүлөргө даярмын. Армиябызды колдошсун, ошондо биз эртең жалгыз калбайбыз деп кепилдик бере алабыз”, - деген ал.

Зеленский чындыгында Украинанын эли чыр-чатактын быйыл бүтүшүн каалап жатканын белгиледи. Анын пикиринде, муну АКШнын президенти Дональд Трамп да каалайт.

Мындан тышкары Зеленский Украинанын өнөктөштөрүнө ыраазычылык билдирип, жакынкы аралыкта өлкөдө шайлоо өткөрүү тууралуу айткандарга каршы чыкты.

"Биздин бүт элибиз согуш учурундагы шайлоого каршы, эгерде биз шайлоого байланыштуу аскерий абалды токтотсок, анда армияны жоготуп алабыз. Армиясыз шайлоо өткөрүү болбойт", - деп кошумчалаган Зеленский.

Буга чейин Зеленский биринчи америкалык кесиптеши Дональд Трамп менен жолугуусу керектигин, андан кийин гана Орусия менен сүйлөшүүгө өтүүгө болорун айткан.

Белгилей кетсек, АКШнын президенти Дональд Трамп Орусия жана Украина өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүү пландалып жатканын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан