Украинанын президенти Владимир Зеленский америкалык кесиптеши Дональд Трамп менен жолугуусу керектигин, андан кийин гана Орусия менен сүйлөшүүгө өтүүгө болорун айтты. Бул тууралуу ал америкалык Associated Press агенттигине берген маегинде билдирди.
"Мен биринчи кезекте Трамп менен жолугушуу өткөрүшүбүз керек деп эсептейм жана бул маанилүү. Айтмакчы, муну бүт Европа каалайт. Америкалык лидер менен байланышкандан кийин гана биз Орусия менен сүйлөшүүлөрдүн кандайдыр бир форматына өтүшүбүз керек", - деген Зеленский.
Анын айтымында, ал сүйлөшүү үстөлүндө Украина, Орусия, АКШ жана Евробиримдикти көргүсү келет.
"Мен бул адилеттүү жана натыйжалуу болмок деп ойлойм. Бирок баары эмне менен аяктаарын билбейм", - деген ал
Мындан тышкары Зеленский Украина НАТОго кошулушу керектигин дагы бир жолу баса белгиледи. Анын айтымында, Киевдин альянска кошулуусу Трамп үчүн чоң жеңиш болот. Анткени бул НАТОдо ким болушу керек экенин Орусия эмес, Кошмо Штаттары чечээрин көрсөтө турганын кошумчалады.
Зеленский эгер НАТО Украинаны өз альянсына кошсо, 800 миң украиналык солдатты аларын белгиледи.