Ирандын президенти Дональд Трампты сынга алды

АКШ президенти Дональд Трамп Тегеранга каршы жарлыктарга кол коюуда. Бул тууралуу Ирандын президенти Масуд Пезешкян айтканын чет элдик басылмалар жазышты.

"Трамп Иран менен сүйлөшүүгө даяр экенин айтып келет. Ошол эле маалда ал Иранга каршы көп жарлыктарга кол коюуда. АКШ Иранды чөгөлөтүүнү гана кыялданышы мүмкүн", - деген ал.

Буга чейин Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи Тегеран АКШнын достукка жатпаган аракеттерине дал өзүндөй жооп кайтарарын эскерткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан