"Сен күчтүүсүң". Мирбек Атабеков Кайрат Примбердиевди колдоого алды

Эстрада ырчысы Мирбек Атабеков Кайрат Примбердиевге кылмыш иши козголушу боюнча социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырды.

Анда Атабеков Кайрат Примбердиев эч кандай жамандыкты ойлобогонун белгиледи.

"Биз ар дайым сени мененбиз. Кайрат, мен толугу менен ишенем, сен жамандыкты ойлогон эмессиң. Сен ар дайым чын жүрөктөн жана ак ниеттен сүйлөйсүң. Мен сенин кандай адам экениңди билем. Ак ниет, боорукерсиң жана түз жүрөсүң. Сени тааныгандар сенин чыныгы жүзүңдү билишет. Сен күчтүүсүң", - деп жазды Мирбек Атабеков.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет бүгүн, 10-февралда ырчы Кайрат Примбердиевге Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү (Расалык, этностук, улуттук жана диний кастыкты козутуу) боюнча кылмыш иши козголгонун кабарлаган. Буга ырчынын "Айран Ютуб" каналына берген маеги себеп болгон. Анда ырчы Ормон хан казактардын акыркы ханы болгон Кененсарынын башын алганы үчүн казак элинен кечирим сураган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан