Эстрада ырчысы Кайрат Примбердиев УКМКга чакыртылды. Бул тууралуу атайын кызматтын басма сөз кызматы кабарлады.
"УКМК тарабынан жүргүзүлүп жаткан ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1-бөлүгү (Расалык, этностук, улуттук жана диний кастыкты козутуу) боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында 1985-жылы туулган П.К.Т. (ред.: Примбердиев Кайрат) аттуу жаранга карата “Айран YouTube” каналында сүйлөп жатып, улуттар аралык кастыкты козутууга багытталган билдирүүлөрдү жасагандыгы үчүн өлкөдөн чыкпоо тууралуу жазуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалып алынды", - деп билдиришти УКМКдан.
Учурда тиешелүү тергөө жана процессуалдык иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутууга багытталган аракеттер үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин эскертет, бул үчүн мыйзамда 10 жылга чейинки мөөнөткө эркиндигинен ажыратуу жазасы каралган.
Буга чейин социалдык тармактарда ырчынын казакстандык журналисттерге берген маеги талкууга түшкөн. Примбердиев "Айран Ютуб" каналынын "Кыргыздар казактардан эмнеси менен айырмаланат? Кыргызстандын демократиясына ким жолтоо болду?" деген аталыштагы чыгарылышында Ормон хан казактардын акыркы ханы болгон Кененсарынын башын алганы үчүн казак элинен кечирим сураган. Берүүдөн казакстандык журналисттер бир нече кыргызстандыктардан маек алышканын көрүүгө болот.