Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп Чыңгыз Кожошев дайындалды. Президенттин басма сөз кызматы тиешелүү тескемеге кечээ, 10-февралда мамлекет башчы Садыр Жапаров кол койгонун билдирди.
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кечээ Кожошевди Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы кызматынан бошоткон. Ал аталган кызматка 2024-жылдын 18-декабрында дайындалган.
Кожошев Чынгыз Эргешбаевич 1985-жылы Ош шаарында туулган. Жогорку юридикалык билимдүү. ОшМУнун юриспруденция адистигин аяктаган. ЖАКтын төрагалыгына дайындалганга чейин Ички иштер министрлигинде жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматында кызмат өтөп, 2023-жылдан тарта Ош шаарындагы ЖАКтын №25 (СИЗО-5) мекемесин жетектеген.
Эске салсак, президент Жапаров 4-февралда Юстиция министрлигине караштуу Жазаларды аткаруу кызматын жоюп, анын ордуна Министрлер кабинетине караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматын түзүү боюнча жарлыкка кол койгон.