Кечээ, 18-декабрда Жазаларды аткаруу кызматынын төрагасы Аскат Эгембердиев башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызматынан бошотулду. Бул тууралуу ЖАКтан билдирди.
Ага ылайык, Юстиция министринин орун басары Бахтияр Орозов ЖАКтын өздүк курамына жаңы төрага Чыңгыз Кожошевди тааныштырды.
Чыңгыз Кожошев 1985-жылы Ош шаарында туулган. Жогорку юридикалык билимдүү. ОшМУнун юриспруденция адистигин аяктаган. ЖАКтын төрагалыгына дайындалганга чейин Ички иштер министрлигинде жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматында кызмат өтөп, 2023-жылдан тарта Ош шаарындагы ЖАКтын №25 (СИЗО-5) мекемесин жетектеген.
"Жазаларды аткаруу кызматынын жамааты мурдагы жетекчи генерал-майор Аскат Эгембердиевди жылуу сөздөр менен узатышты. Анын жетекчилигинде Аскат Эгембердиев өзүн жогорку квалификациялуу адис жана натыйжалуу жетекчи катары көрсөттү. Анын жетекчилиги астында пенитенциардык системада масштабдуу реформалар жүргүзүлүп, мекемелердин инфраструктурасы жакшырып, материалдык-техникалык базасы чыңдалган", - деп айтылат маалыматта.
Аскат Эгембердиев түзөтүү мекемесинин ыкчам-иликтөө кызматкери болуп 1996-жылы жазык-аткаруу тутумунда иштеп баштаган. Кесиптик өсүштүн бардык баскычтарын басып өтүп, 2020-жылдын октябрында ЖАКты жетектеген. Көп жылдык ак ниет эмгеги үчүн көптөгөн сыйлыктар жана ардак сыйлыктарына ээ болгон.
Аскат Эгембердиев өз сөзүндө жамаатка биргелешкен жемиштүү иши үчүн ыраазычылык билдирип, ЖАКта реформалар жана алгылыктуу өзгөрүүлөр улана берерине ишеним билдирди. Ал эми Чыңгыз Кожошев ага чейинки жетекчиге ыраазычылык билдирип, анын ысымы кесипкөйлүктүн жана кызматка берилгендиктин үлгүсү катары жазык-аткаруу тутумунун тарыхында түбөлүк каларын белгиледи.
Өз кезегинде ЖАКтын жамааты Аскат Эгембердиевге жазык-аткаруу тутумунун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, жаңы кесиптик жолунда ийгиликтерди, ал эми Чыңгыз Кожошевге жаңы жооптуу кызматта ийгиликтүү жана жемиштүү иш каалады.