"Дагы эмнени чыгардыңар?" Депутат Масалиев камсыздандыруу мыйзамына каршы экенин айтты

Бүгүн, 12-февралдагы Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Исхак Масалиев кесиптештерин турак жайды жана унааны милдеттүү камсыздандырууну талап кылган мыйзамга каршы добуш берүүгө чакырды.

Жыйында аталган мыйзам экинчи окууда каралып жаткан болчу. Анда эл өкүлү Конституция боюнча ар бир өлкө жараны өз мүлкүнө ээлик кылууга жана аны эркин пайдаланууга укуктуу экенин белгиледи.

"Дагы эмнени ойлонуп чыгарып жатасыңар? Эркин колдонууга укуктуу деп жатат. Биз "үйүндү сатыш үчүн сөзсүз камсыздандыруудан өткөрүш керек" деген кошумча талап коюп жатабыз. Кыйналып үйүн куруп бүтсө, анан "камсыздандыр" деп кыйнайбыз. Бул өзү ыктыярдуу болуш керек. Милдеттүү кылган туура эмес. Жеке пикиримде бул деген абдан чоң бизнес проекти болуп жатат. Жеке камсыздандыруу ишканаларына чоң акча беребиз...

Мындан өкмөткө дагы пайда келбейт. Казына толбойт. Жеке адамдардын чөнтөгүнө кетет. Ошондуктан кесиптештеримди мыйзамды колдобоого чакырам... Өкмөт туура эмес кадам жасап жатат", - деди Масалиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан