Украинанын президенти Владимир Зеленский өзүнүн Тelegram каналында АКШ президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөшкөнүн жарыялады.
Эки өлкө президентинин сүйлөшүүсү бир саатка чукулдаган.
"Дональд Трамп менен биздин технологиялык мүмкүнчүлүктөр, атап айтканда, дрондор жана башка заманбап өндүрүштөр боюнча тынчтыкка жетишүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө сүйлөштүк. Президент Трампка чогуу эмне кыла аларыбызга кызыгуусу үчүн рахмат", - деп жазды Зеленский.
Зеленский Трамп ага Путин менен сүйлөшүүсүнүн чоо-жайы тууралуу маалымат бергенин айтты.
"Украина тынчтыкты каалайт. Биз Орусиянын агрессиясын токтотуу жана ишенимдүү, туруктуу тынчтыкты кепилдөө үчүн Америка менен биргелешкен кадамдарыбызды аныктап жатабыз. Президент Трамп "let's get it done" ("Келгиле муну чогуу жасайлы") деп айткандай", - деп кошумчалады Зеленский.
Мунун алдында Дональд Трамп Орусия президенти Владимир Путин менен дагы сүйлөшкөн.