Орусиянын лидери Владимир Путин АКШнын президенти Дональд Трапты Москвага чакырды. Алар бир жарым саат телефон аркылуу байланышты. Бул туурасында чет элдик басылмалар жазышты.
Эки өлкөнүн лидерлери эмнелерге токтолду:
- Трамп менен Путин сүйлөшүүлөрдү өткөрүү боюнча жардамчыларына тапшырма беришет;
- Сүйлөшүүлөрдү борбордук чалгындоо башкармасы, мамлекеттик катчы, улуттук коопсуздук кызматы уюштурат;
- Лидерлер Орусия менен АКШнын жарандарын алмашууну талкуулашты: Вашингтон жетишилген макулдашуулардын аткарылышына кепилдик берди;
- Путин сүйлөшүү аркылуу гана Украинадагы кырдаалды жөнгө салууга боло тургандыгын Трамп менен макулдашты; - Путин Украинадагы жаңжалдын түпкү себептерин жок кылууну жактады;
- Путин биргелешип иштөөгө убакыт келгенин айтты;
- Москва АКШдан Орусияга келүүчү каалаган бийлик өкүлдөрүн кабыл ала тургандыгын билдирген.