Кечээ, 11-февралда Казакстандын Астана шаарындагы турак үйлөрдүн бириндеги лифтте 14 жаштагы өспүрүм 5 баштагы балага бычак менен кол салган. Аталган окуянын видеосу байкоочу камерага түшүп калып, социалдык тармактарга тараган.
Видеодон өспүрүм жаш балага бир нече жолу бет тарабына бычак сайып жибергенин көрүүгө болот.
Окуядан кийин турак үйдө жашаган тургундар башка байкоочу камераларды карап чыгышкан. Өспүрүп сырттагы көзөмөл камерага дагы түшүп калган. Ал видеодон беткап кийген 14 жаштагы кыз көчөдө бычак көтөрүп жүргөнүн көрүүгө болот жана турак үйдүн ичине киргенде байпагынан бычакты алып чыгып, бир мүнөттөй олку-солку болуп, анан лифтке кирген.
Буга чейин белгилүү болгондой, 14 жаштагы кол салган кыз психикалык ооруканада каттоодо турган. Анын мыйзамдуу өкүлдөрү милицияга чакырылып, алар тарбиялык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн мыйзам чегинде катуу жоопкерчиликке тартыла турганы айтылган.
Ал эми жабыркаган 5 жаштагы бала оор абалда ооруканага түшкөн. Дарыгерлердин айтымында, ал көп кан жоготкон. Учурда анын абалы туруктуу, өмүрүнө коркунуч жок деп бааланууда.