Олимпиадада чуулгандуу жеңишке жеткен Иман Хелиф Эл аралык бокс ассоциациясын сотко бере турганын айтты

Парижде өткөн Олимпиада оюндарында чемпион болгон алжирлик мушкер Иман Хелиф орусиялык Умар Кремлев жетектеген Эл аралык бокс ассоциациясын сотко берүү ниетин билдирди. Спортчу бул тууралуу социалдык таракмактагы баракчасында бөлүшкөн.

"Эл аралык Олимпиада комитети тарабынан таанылбай калган Эл аралык бокс ассоциациясы дагы бир жолу өзүнүн кызыкчылыгы үчүн жалган жана агрессивдүү айыптоолорду жасады. Бул бир эле мага тиешелүү эмес, бул спорттогу абийирдүүлүк маселеси.

Командам кырдаалды кылдаттык менен карап, менин укуктарымдын бузулушун тактап чыгышат. Күнөөлүүлөр жоопко тартылышы керек. Адилеттүүлүк үчүн бардык мыйзамдуу жолдорду колдонобуз", - деп билдирүү калтырган.

Буга чейин Эл аралык бокс федерациясы 10-февралда гендердик тесттен өтпөй калган эки спортчуну: алжирлик Иман Хелиф менен тайвандык Лин Ютинди 2024-жылы Парижде өтөкөн Олимпиада оюндарында аялдар арасындагы бокс боюнча мелдешке катышууга уруксат бергени үчүн Эл аралык Олимпиада комитетин сотко берерин билдирген.

Эске сала кетсек, Парижде өткөн Олимпиада оюндарында Иман Хелифтин жынысына байланыштуу жаңжал чыккан. Анда атаандашы италиялык Анжела Карини алжирлик мушкердин өтө эле күчтүүлүгүн айтып, беттештен баш тарткан. Интернетте "Халиф спорттук көрсөткүчтөрүн жакшыртуу үчүн жынысын өзгөрткөн" деген айыптоолор тарай баштаган.

Кошумчалай кетсек, АКШнын президенти Дональд Трамп 5-февралда трансгендер спортчуларды аялдар арасындагы мелдештерге катышуусуна тыюу салган буйрукка кол койгон болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан