Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Нуржан Шайлдабекова өз каалоосу менен кызматтан кетти. Бүгүн, 13-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында аны ээлеген кызматынан мөөнөтүнөн мурда бошотуу маселеси каралып, колдоо тапты.
Буга чейин Шайлдабекова 10-февралда БШКнын төрайымы кызматынан өз каалоосу менен кетүүгө арыз жазган.
Анын ордуна орун басары кызматын аркалап келген Тынчтык Шайназаров шайланган.