Казакстандын Астана шаарындагы үйлөрдүн бириндеги лифтте 14 жаштагы өспүрүмдүн кол салуусунан жаракат алган 5 жашар бала ооруканада дарылануусун улантууда. Бул тууралуу казак басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, жабыркаган бала учурда №2 шаардык балдар ооруканасынын хирургия бөлүмүндө дарыланып жатат.
"Бала антибактериалдык терапия жана физиотерапияны улантууда. Бетиндеги шишик күчөгөн жок. Күн сайын бетиндеги жаракаттары тазаланып жатат", - деп билдирген дарыгер.
Эскерте кетсек, 11-февралда Астана шаарындагы турак үйлөрдүн бириндеги лифтте 14 жаштагы өспүрүм 5 баштагы наристеге бычак менен кол салган. Аталган окуянын видеосу байкоочу камерага түшүп калып, социалдык тармактарга тараган.
Видеодон өспүрүм бала наристенин бет тарабына бир нече жолу бычак сайып жибергенин көрүүгө болот.
Ал эми кол салган 14 жаштагы кыз психикалык ооруканада каттоодо турганы маалым болду. Анын мыйзамдуу өкүлдөрү милицияга чакырылып, алар тарбиялык милдеттерин талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн мыйзам чегинде катуу жоопкерчиликке тартыла турганы айтылган.