Нарын Айып – Кыргыз журналистикасынын легендасы
Кыргыз журналистикасы орду толгус жоготууга учурады. Кыргызстандын белгилүү журналисти жана медиаменеджери, жаңы тарыхыбыздын калыс баяндоочусу Нарын Айып 2025-жылдын 13-февралында 72 жаш курагында акка моюн сунду. Нарын Айып журналисттик кесипти үзгүлтүксүз жана тынымсыз аркалаган 36 жыл бою өзүнүн жогорку кесипкөйлүгүн такай көргөзүп келди. Ал - намыстуу жана бийик моралдык принциптерди карманган инсан эле.
Физикадан журналистикага
Тарых илимдеринин доктору, профессор Айып Идиновдун уулу Нарын Айып 1952-жылы 6-ноябрда Нарын облусунун Жумгал районунда жарык дүйнөгө келген. 1974-жылы Кыргыз Улуттук университетинин физика факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. 1977-жылы Москвага барып, аспирантурада окуп, СССР Илимдер академиясынын Нефтехимиялык синтез, Жогорку температуралар институттарында илимий кызматкер катары иштеген.
Бирок СССРдин кайра куруу доорунун акыркы жылдары аны коомдук ишмердүүлүккө жетелеп, мекени Кыргызстандын көз карандысыздыгы үчүн күрөшүүгө түрткү берди. Бул доор физик-илимпозду жаңыдан өнүгүп келе жаткан эркин журналистиканын алдыңкы сабына чыгарды.
Ал учурда Москвада окуган же иштеген борборазиялык жаштар дал ошол жерде демократиянын алгачкы үрөнүн сезип, кабыл алып жатышкан. Бирок алардын аз гана бөлүгү өмүр бою ушул эркиндиктин жана жарандык аң-сезимдин отун сактап кала алышты. Нарын Айып ошол сейрек кездешкен инсандардын бири болду. Анткени анын мүнөзүндө бекем ички өзөк, адилеттүүлүк жана чынчылдыкка берилгендик бар эле.
Дал ошол кайра куруу доорунда "физиктен лирикке" айланган Нарын Айып өмүрүнүн жарымын эркин журналистикага арнады. Өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүнө чейин кызмат ордунда болду.
1990-жылы Москвада ал өзүнүн каражаты жана айрым пикирлештеринин бир аз жардамы менен кыргыз жана орус тилдеринде «Мүрөк» гезитин чыгара баштаган. Бул гезитти Кыргызстандагы алгачкы самиздат басылмасы деп атай алабыз. Анда улуттук кайра жаралуу идеялары, саясаттагы жана экономикадагы реформалар, советтик тарыхтагы "ак тактар" негизги темалар болгон.
«Мүрөк» гезитинин сандары ал кездеги Фрунзеге шартка жараша ар кандай жолдор менен жеткирилчү – кээде учак же поезд аркылуу да жөнөтүлүп турчу.
"Республика" – алгачкы оппозициялык гезитте
1991-жылы Советтер Союзу дүйнөлүк картадан жоголуп, анын ордуна жаш, эгемен мамлекеттер түптөлө баштады. Интеллигенция жана чыгармачыл жаштар, жалпы эл жаңы, жакшы өзгөрүүлөрдү күтүп, үмүт менен жашап жаткан кез эле. Мурда макалаларын Москвадан туруп жазып жаткан Нарын Айып 1993-жылы Кыргызстанга кайтып келип, журналистикага баш-оту менен киришет. Анткени ошол мезгилде басма сөз жарандык коомдун жана жалпы мамлекеттин түптөлүшүндө чоң роль ойногон.
Нарын Айып 1992–1993-жылдары «Республика» гезитинин саясий баяндамачысы катары Кумтөр кениндеги коррупциялык схемаларды ашкерелеп, канадалык компания менен түзүлгөн келишимдин Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы экенин терең талдап жазган журналисттердин сап башында турган. Анын принципиалдуулугун сатып алуу мүмкүн эмес эле. Ошол учурда ага өкмөттө иштөөнү сунушташкан, ал тургай, ТИМде маалымат башкармалыгын түзүп беребиз деп убада беришкен. Бирок Нарын Айып бул сунуштардан баш тартып, өзүнүн оппозициялык көз карашын сактап калган. Ал «Республика» гезитине курч, таасирдүү макалаларды жазууну уланта берди. Кыска убакыт ошол кездеги бул абройлуу басылманын башкы редакторунун орун басары кызматын да аркалады.
«Азаттык» радиосундагы жылдары
Нарын Айыптын өмүрүндөгү эң жаркын барактардын бири – анын эл аралык деңгээлдеги журналисттик ишмердүүлүгү болду. Ал 1993-жылдын аягында «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун ошол учурда Германиянын Мюнхен шаарында жайгашкан баш кеңсесине - кыргыз редакциясына иштөөгө чакырылган. Нарын Айып башында катардагы журналист, радио Мюнхенден Прага шаарына көчкөндөн кийин, 1996-2002-жылдары «Азаттыктын» башкы редактору, иш жүзүндөгү жетекчиси катары эмгектенип, бул радионун түптөөчүлөрү Азамат Алтай жана Төлөмүш Жакып уулу баштаган, эркиндикти сүйгөн журналистиканын даңктуу салтын улантты.
Табиятынан өтө тактыкты сүйгөн, өзүнө жана башкаларга жогорку талап койгон Нарын Айып Прага шаарында “Азаттыктын” Кыргызстандан барган журналисттерден турган жаңы жамаатынын ишин кыска убакыттын ичинде жолго коюп, «Азаттыктын» контентин жаңыртуу, өлкөдөгү аудиториясына жакындатуу, кыргыз редакциясын эл аралык эксперттик чөйрөгө таанытуу ишинин башында турду. «Азаттык» тез арада Кыргызстанда жаңы калыптанып келе жаткан коомдук-саясий басма сөз үчүн үлгү болуп калды, ал эми ошол кезде «Азаттыкка» жумушка орношуу чоң сыймык эле.
Нарын Айып 1996–2002-жылдары башкы редактор болуп иштеп турган кезде жарандык коом тарабынан «Азаттыкка» эч кандай доомат болгон эмес. Ал убакта «Азаттык» элдик, калыс, чынчыл жана тайманбас радио катары кабыл алынчу.
Күчтүү устат катары Нарын Айып редакциянын ишин мыкты уюштургандыктан, ал жетекчилик кызматтан адилетсиз четтетилгенден кийин да «Азаттык» 15 жыл бою ал түзгөн системанын инерциясы менен ишин улантты.
Чынчыл интеллигент катары Нарын Айып үчүн кесиптин кызыкчылыктарын сатуу деген мүмкүн эмес болчу, ал өзү 1995-жылдан кийинки жаңы тарыхын түптөөгө эбегейсиз эмгегин сарптаган “Азаттык” радиосунун акыркы жылдары кесиптик деңгээли төмөндөп, моралдык авторитети жоголгонуна кейип жүрдү.
2025-жылдын 12-февралында «Фейсбук» тармагында жайгаштырган өзүнүн акыркы посторунун биринде да Нарын Айып «Эркин Европа/Азаттык» радиосундагы кризиске кайрылып, америкалык медиа менеджерлердин бири Тед Липиендин, АКШнын азыркы администрациясынын өкүлү сунуш кылгандай, бул радиону жабуу эмес, анын ишин терең реформалоо жөнүндөгү чакырыгын колдоп жазган.
Бишкекке экинчи кайтышы
2007-жылдын аягында «Эркин Европа/Азаттык» радиосундагы эмгек келишими аяктап, Бишкекке кайтып келген соң Нарын Айып мамлекеттик жана жеке медиа уюмдардын бир канчасында тынымсыз иштеди. 2008-2010-жылдары «Кабар» улуттук маалымат агенттиги жетектеп, анын ишин жаңы жана заманбап нукка салууга умтулду.
Андан соң теле көрсөтүүгө өтүп, 2010-2014-жылдары мамлекеттик башкы телеканал - КТРКнын (азыркы УТРК) маалыматтык-аналитикалык дирекциясын башкарып, аны ошол кездеги суроо-талап боюнча коомдук телекөрсөтүүнүн принциптерине ылайык кайрадан куруу ишин жүргүздү. Өмүрүнүн акырындагы кызмат орду 7-каналдын редакторлугу – башкы продюсерлиги болду.
Нарын Айыптай кесипкөйлүгү жогору, эки тилде эркин жана сабаттуу сүйлөгөн журналисттер биздин өлкөдө саналуу эле, бирок алардын ичинен бир гана Нарын Айып бардык журналисттик платформаларда – басма сөздө, радиодо, телекөрсөтүүдө жана интернет-журналистикада бирдей ийгиликтүү иштеп келди. Мындан тышкары, ал дагы эки тилди – англис жана чех тилдерин жакшы билчи.
Кесиптештеринин эскерүүсү
Нарын Айып өмүр бою өзүнүн журналисттик жогорку принциптеринен, моралдык жана кесиптик критерийлеринен тайбай келди жана өзүнүн жеке үлгүсү менен ал Кыргызстандагы коомдук аң-сезим лидерлеринин бири боло алды.
Нарын Айып отуз жылдан ашуун созулган журналисттик ишинде өзү бир дагы жолу мамлекеттен сый-ургал, ардак-наам алууга умтулбады.
Өлкө жана өкмөт жетекчилери да өздөрү демилгелеп, ал татыктуу болгон сыйлыктардын бирин ыйгарган жок.
Нарын Айыптын кыргыз журналистикасына талыкпай жасаган эмгеги эми көзү өткөндө бааланып, анын ысмын түбөлүккө калтыруу жагы алдыда өкмөт тарабынан эске алынат деп үмүттөнөбүз.
Сиздин элесиңиз кесиптеш, калемдеш, кызматташтарыңыздын эсинде түбөлүккө сакталат.
Кош болуңуз, Кыргыз журналистикасынын легендасы!
Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун!
Эсенбай Нурушев, Баян Жумагулова, Шейшекан Жаналиева, Айданбек Акматов, Улан Эшматов, Табылды Акеров, Карамат Токтобаева, Эрнис Кыязов, Шайырбек Эркин.