Бекбосун Бөрүбашов Улуттук аттестациялык комиссиянын төрагасы болуп дайындалды. Бул туурасында президенттин администрациясынын маалымат кызматы билдирди.
Маалымдалгандай, кечээ, 14-февралда тийиштүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгон.
Белгилей кетсек, 2021-жылы Жогорку аттестациялык комиссиясы президентке караштуу Улуттук аттестациялык комиссиясы болуп
өзгөртүлгөн. Анын төрагасы өткөн жылдын май айында кызматынан
бошотулган.