Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиясы жөнүндө” жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жарлыкта заманбап мамлекеттин технологиялык өнүгүүсүндө илимдин стратегиялык мааниси өлкөнүн өнүгүүсүндөгү социалдык-экономикалык жана маданий көйгөйлөрдү чечүүдө илимий жана инновациялык ишмердүүлүктүн багытталышынын зарылдыгын аныктай турганы белгиленет.
"Илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды аттестациялоонун мамлекеттик системасын мындан ары өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Жогорку аттестациялык комиссиясын Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Улуттук аттестациялык комиссиясы деп өзгөртүлдү", - деп жазылат билдирүүдө.