Красноярсктан учуп чыгып, авариялык конуу сураган учак ийгиликтүү конду

Орусиянын Красноярск шаарынан учуп бара жаткан “NordStar Airlines” авиакомпаниясынын Boeing 737-800 учагы Норильсктин аэропортуна ийгиликтүү конду. Бул туурасында орус басылмалары жазышты.

Айта кетсек, буга чейин аталган учак авариялык конууга бара жаткандыгы айтылган.

Маалымдалгандай, учакта жалпы 156 жүргүнчү болгондугу такталды. Анын ичинде 8 жаш бала бар экендиги белгилүү болду.

Авариялык конуунун себеби учак уруксат берилген бийиктиктен ашып, сигнализация иштеп кеткендиктен келип чыккандыгы маалыматта кошумчаланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан