"РИА Новости" басылмасы "Крокус Сити Холл" имаратында болгон терактта курман болгондорго эстелик тургузула баштаганын жазып чыкты.
Маалым болгондой, мемориалды куруу иштери башталып, концерттик залдын имаратынын алдында эстеликтин негизи болгон металл конструкция пайда болду.
Жумушчулардын бири агенттикке эстелик жасоо иштери жүрүп жатканын билдирген. "Ооба, эстелик болот", - деген ал.
Белгилей кетсек, былтыр, 2024-жылы 22-мартта Москва шаарындагы "Крокус Сити Холлдо" болгон теракттын натыйжасында 144 адам каза болуп, 551 адам жаракат алган. Ошол эле күнү теракт боюнча 20 айыпталуучу өтүп жатканы, алардын 18и камакка алынганы, дагы экөө башка жакка чыкпоо тил каты менен бошотулганы белгилүү болгон. Кийинчерээк терактка шектүү 27 адамга айып тагылган.
Буга чейин "Крокус Сити Холлдун" ээси теракт боюнча жабырлануучу катары таанылганы маалымдалган болчу.