Москвадагы "Крокус Сити Холлдун" концерттик залында "Пикник" тобунун концерти учурунда болгон теракт боюнча "Crocus International" компаниясы жабырлануучу катары таанылды. Бул тууралуу ТАСС агенттиги иштин материалдарына таянуу менен жазды.
"Бул токтомдо "Крокус Интернэшнл" акционердик коому козголгон кылмыш иши боюнча жабырлануучу катары таанылат", - деп айтылат маалыматта.
"Крокус Интернэшнл" ААКсы теракттын кесепетинен күйүп кеткен жана учурда пайдаланылбай турган Crocus City Hall имаратынын ээси.
Орусиянын жазык-процессуалдык кодексине ылайык, жабырлануучу иштин материалдары менен толук таанышууга, соттук териштирүүгө катышууга, далилдерди келтирүүгө, өтүнүч менен кайрылууга жана келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча жарандык доо коюуга укуктуу.
Белгилей кетсек, былтыр, 2024-жылы 22-мартта Москва шаарындагы "Крокус Сити Холлдо" болгон теракттын натыйжасында 144 адам каза болуп, 551 адам жаракат алган. Ошол эле күнү теракт боюнча 20 айыпталуучу өтүп жатканы, алардын 18и камакка алынганы, дагы экөө башка жакка чыкпоо тил каты менен бошотулганы белгилүү болгон.