Баланы сөзсүз түрдө эмдөөдөн өткөрүү керекпи? Дарыгер жооп берет (маек)

Кыргызстанда акыркы учурларда эмдөөдөн баш тарткандардын саны көбөйүп жатканын дарыгерлер айтышууда. Негизи эле баланы сөзсүз түрдө эмдөөдөн өткөрү керекпи? Вакцина алган бала кандай ооруларды жуктуруудан сактанат? Ушул жана башка суроолорго жооп издөө максатында SUPER.KG порталынын #Азыр рубкасында Республикалык иммунопрофилактика борборунун врач, эпидемиологу Гүлзада Даданова менен маек курдук.

– Саламатсызбы? Эң алгач эмдөөнүн кандай түрлөрү бар, бала төрөлгөндөн баштап кандай ооруларга каршы вакциналарды алып баштайт? Ушулар тууралуу маалымат берсеңиз.

– Саламатчылык. Кыргызстанда эмдөө иштери эмдөө календарына ылайык аткарылат. Эң алгач бала төрөлгөндө эле 24 саат аралыгында гепатит В оорусуна каршы эмдөө алат. Андан кийин төрөт канадан чыккыча БЦЖ (туберкулёз оруусуна) каршы эмдөөдөн өтөт. Ал эми кийинки эмдөөлөр жашаган аймактагы медициналык мекемеде уюштурулат.

Бала эки айга толгондо (АКДС-ВГВ-ХИБ) көк жөтөл, кептөөр, сенек ооруларына, гемофилдик инфекцияга каршы жана вирустук гепатит В оорусуна каршы биринчи эмдөөдөн өткөрүлөт. Андан кыйын үч жарым айында (АКДС-ВГВ-ХИБ) көк жөтөл, кептөөр, сенек ооруларына, гемофилдик инфекцияга каршы жана вирустук гепатит В оорусуна каршы экинчи жолу вакцина алат.

Кыргызстанда эмдөө иштери эмдөө календарына ылайыктуу аткарылат. Эмдөө календарына ылайык бала төрөлгөндө эле 24 саат аралыкта гепатит В оорусуна каршы, төрөт канадан чыккыча БЦЖ (туберкулёз оруусуна) каршы эмдөөдөн өтөт. Кийинки эмдөөлөр жашаган аймактагы медициналык мекемеде уюштурулат.

Бала беш айга толгондо (АКДС-ВГВ-ХИБ) көк жөтөл, кептөөр, сенек ооруларына, гемофилдик инфекцияга каршы жана вирустук гепатит В оорусуна каршы үчүнчү эмдөөдөн өтөт. Тогуз айында шал оорусуна каршы экинчи эмдөө жүзгүзүлөт. Бала он эки айга толгондо кызылча, эпидемиологиялык паротит, кызамыка каршы вакцина алат.

Андан кийин эки, алты он бир жашта баланы кайрадан эмдөөдөн өткөрүү керек. Ошондой эле жалпы 16, 26, 36, 46, 56 жаштарда кептөөр, сенек ооруларына каршы ревакцинация жүргүзүлөт.

- Ал эми баланы эмдөөдөн өткөрүү канчалык деңгээлде маанилүү жана кимдерге сунушталат кимдер баш тартса болот?

- Баланы эмдөөдөн өткөрүү өтө маанилүү, анткени ал көптөгөн кооптуу жана өлүмгө алып келиши мүмкүн болгон жугуштуу оорулардын алдын алат. Бала вакцина алганда, ооруга каршы антитело иштелип чыгып, келечекте ошол оорулар менен кездешкен учурда иммунитети иштеп, бала оорудан корголот. Ошондой эле, калктын көбү тактап айтканда 95 пайыз эмдөөдөн өтсө, коомдук иммунитет пайда болуп, эмделбеген балдарды да коргоп, вирустардын жайылышын токтотуп, эпидемиялардын алдын алууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Негизи эле медицинада ооруну дарылоодон көрө, эмдөө аркылуу алдын алуу алда канча натыйжалуу. Мисалга алсак, көптөгөн өнүккөн мамлекеттерде ата-энелер балдарын өз убагында коркунучтуу ооруларга каршы эмдөөдөн өткөрүп, алардын ден соолугуна кам көрүүнү эң маанилүү нерсе деп эсептешет.

Эмдөө бардык ден-соолугу чың балдарга жана чоңдорго сунушталат. Ар бир эмдөө алдында бала же чоң киши врачтын көзөмөлүнөн өтүп, андан кийин гана вакцина алууга уруксат берилет.

Ал эми иммундук системасы начарлаган адамдар (онкологиялык ооруларга чалдыккан же иммундук жетишсиздиги бар) жана вакцинанын компоненттерине катуу аллергиясы барлар үчүн эмдөө сунушталбайт. Эгер бала же чоң киши катуу ооруп жатса, эмдөө убактылуу жылдырылат. Бирок толук сакайгандан кийин, пландуу түрдө эмдөөдөн өтүүсү зарыл болот.

- "Вакцина алуу аутизм оорусуна себепкер болот" деген кептерге дагы түшүндүрмө берип өтсөңүз?

- Вакцина алуу менен аутизмдин ортосунда эч кандай байланыш жок. Бул миф 1998-жылы Эндрю Уэйкфилд аттуу доктор жарыялаган жалган изилдөөдөн кийин тараган. Изилдөөгө болгону 12 бала катышкан, бул статистикалык жактан ишенимдүү жыйынтык чыгарууга жетишсиз. Кийинчерээк бул маалыматтар жасалма экендиги аныкталып, илимий коомчулук изилдөөнү толугу менен четке каккан. Уэйкфилддин медициналык лицензиясы жокко чыгарылып, жазган макаласы расмий түрдө жок кылынган.

Бул окуядан кийин, дүйнө жүзү боюнча жүз миңдеген балдарды камтыган ири илимий изилдөөлөр жүргүзүлгөн. Алардын бирөөсү да вакцинация менен аутизмдин байланышын далилдей алган эмес. АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору (CDC), Дүйнөлүк Саламаттыкты Сактоо Уюму (ДСУ), ЮНИСЕФ, Европанын Дары-дармек агенттиги (EMA) жана башка эл аралык медициналык уюмдар вакциналардын коопсуздугун бир добуштан тастыкташкан.

Азыркы илим аутизмдин негизги себептери катары: генетикалык факторлор жана айлана-чөйрөнүн айрым таасирлери экенин көрсөтүүдө. Бирок вакциналар бул факторлордун катарына кирбейт жана аутизмди пайда кылбайт.

Вакцина - бул балдарды жана чоңдорду коркунучтуу оорулардан коргоонун эң натыйжалуу жана коопсуз жолу. Ага байланыштуу жалган маалыматтарга ишенбестен, илимге негизделген фактыларга таянуу маанилүү деп ойлойм.

- "Көпчүлүк ата-энелер вакцинанын курамында зыяндуу заттар бар" деп баш тартышат, биздин өлкөгө келген вакциналар кайдан келет жана кандай талаптарга жооп берет?

- Кыргызстанда колдонулган вакциналардын сапаты Европада колдонулган вакциналар менен бирдей деңгээлде. Вакциналардын курамы коопсуз жана алар эч кандай уулуу же тыюу салынган заттарды камтыбайт. Бул вакциналар дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде ислам шариятына ылайык өлкөлөрдө, мисалы, Сауд Арабиясында, Түркияда жана башка өлкөлөрдө кеңири колдонулат.

Вакциналардын сапаты, эффективдүүлүгү жана коопсуздугу Кыргызстандын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Дары-дармек камсыздоо жана медициналык техника департаменти тарабынан көзөмөлдөнөт. Келип түшкөн вакциналар милдеттүү мамлекеттик сертификациядан өтөт, алардын коопсуздук талаптарына ылайык текшерилип, техникалык-документалдык экспертиза жүргүзүлөт. Сертификациядан кийин жана сертификат алынгандан соң, вакциналарды саламаттыкты сактоо уюмдарында колдонууга уруксат берилет. Вакциналар колдонулуп жаткан жерлерде сапат жана коопсуздук оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдѳѳ борборлору тарабынан дагы көзөмөлдөнөт.

Вакцина менен камсыз кылуунун бардык этаптары тактап айта кетсем, өндүрүүчүдөн баштап, саламаттыкты сактоо уюмдарына жана вакцинаны алуучуга чейин, сактоо жана ташуу шарттары стандарттык операциялык процедураларга ылайык көзөмөлдөнөт. Вакциналардын эффективдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн температураны эсепке алуучу жабдыктар колдонулуп, сактоо жана ташуу температурасы кылдаттык менен көзөмөлдөнөт.

Бул процесстин бардык этабында сапат жана коопсуздук камсыз кылынат, ата-энелер эмдөөнүн коопсуздугуна толук ишенишсе болот деп айта алат.

- Вакцинадан баш тарткандардын көбү мындай чечимге диний түшүнүктөн улам барганын айтып келишет, дагы кандай себептерден улам ата-энелер эмдөөдөн баш тартышат?

- Вакцинадан баш тарткандардын бир бөлүгү диний көз караштар менен болсо, ал эми экинчи бөлүгү вакцинага ишенбөө же сапатына коопсуздугуна күмөн саноо менен баш тартууда. Кээ бир ата-энелер вакцина боюнча толук маалымат албай, интернетте чыккан туура эмес маалыматтарга ишенүү менен баш тартып келишүүдө. Ошол эле учурда балдарынын ден соолугуна көңүл бурбай, өз учурда эмдөөдөн өтпөгөн учурлар да кездешет.

- Эмдөөдөн баш тарткан балада кандай оорулар козголушу мүмкүн, ал эми эмдөө алган бала сөзсүз түрдө аталган ооруга чалдыкпайт деп кепилдик берилеби?

- Вакцина менен башкарылуучу оорулардын алдын алып, эмдөөдөн өтпөсө бул оорулар коркунучтуу жана олуттуу кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн, а түгүл кээ бир учурда өлүмгө да дуушар кылат.

Мисалы: кызамык, паротит жана кызылча сыяктуу оорулар пневмония, энцефалит, сокурдук, ич өткөк, отит ооруларына алып келсе, паротиттин татаалдашуусу айрыкча эркек балдардын жыныс бездеринин сезгенүүсү тукумсуз болуусуна алып келет. Кызылча оорусу болсо аялдар арасында тубаса кызылча синдромуна (эгерде аял кош бойлуулуктун башында кызылча оорусуна чалдыкса) наристенин майыптыгына, ал тургай өлүмгө алып баруусу мүмкүн.

Ал эми гепатит В оорусуна каршы эмдөө албаган адам, гепатит В оорусуна чалдыгып калса, ал боордун циррозуна, рак оорусуна жана боордун иштешинин олуттуу бузулушуна алып келиши мүмкүн.

Жалпы эле эмдөөдөн өтпөгөн балдар төмөнкү ооруларга чалдыгышы мүмкүн:

Дифтерия – дем алуу жолдорунун бүтөлүшүнө, жүрөк жана нерв системасына олуттуу зыян келтирүүгө алып келет.

Көк жөтөл – кичинекей балдар үчүн кооптуу, кээде дем алуу жетишсиздигинен улам өлүмгө алып келиши мүмкүн.

Полиомиелит же шал оорусу – шал болуп калууга жана өмүр бою майыптыкка себеп болушу мүмкүн.

Сенек оорусуна каршы эмделбегендер– булчуңдардын оорушу жана тырышуусуна алып келип, дем алууну токтотуп коюшу мүмкүн.

Адамдын папиллома вирустары (ВПЧ)- жатын моюнчасынын рагына алып келет. Кыргызстанда жылына 600 аял ооруга чалдыгып, алардын ичинен 300дөй аял өлүмгө дуушар болуп келет.

Эмдөөдөн өткөн бала 100 пайыз ооруга чалдыкпайт деген кепилдик жок, бирок эмдөө алган балдар арасында оору жугуу, тароо коркунучу өтө төмөн. Болгону 5 пайыз эмделген балдар ооруга чалдыгуу ыктымалы бар, бирок ошол эле кезде ооруга каршы толук болбосо да антитело болгон үчүн оору жеңил түрүндө өтөт деп айта алам.

- Биздин суроолорго жооп берип, эмдөө тууралуу кенен маалымат бергениңиз үчүн чоң рахмат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан