Ысык-Көл – өзүнүн тазалыгы, чексиз мейкиндиги менен адамды өзүнө арбап турган уникалдуу көл. Бирок көлдүн жээгиндеги туризм жана курулуштун саны өскөн сайын экологиялык чакырыктар пайда болуп жатат.
Туруктуу өнүгүү жана экологияга болгон сарамжалдуулук бул кооздукту келечек муундар үчүн сактап калуу максаты ишкерлер үчүн турмуштук зарылчылык болуп саналат. Мындай мисалдардын бири – «Апорт» коттедждик шаарчасы, мындагы заманбап технологиялар айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирлерди минималдаштырууга өбөлгө түзөт.
Жайлуулук жана таза экология бир долбоордо
«Апорт» коттедждик шаарчасы Ысык-Көлдүн эң кооз жерлеринин бири – Бостери айылында жайгашкан. Курулушчу Чолпон Атамкулова жайлуулук менен таза экологияны бирдей алып кетүүгө болооруна ишенет. Мындагы баштапкы долбоор чакан жайкы аймакты иште чыгуу болсо, кийин ар бир үй аймактын табигый өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен кайрадан иштелип чыгып, толук кандуу турак-жай комплексине айланган.
“Апорттун” башкалардан айырмачылыгы жашыл аймактарга өзгөчө басым жасоо менен экологиялык жактан таза материалдардан курулган бир кабаттуу кенен коттедждери куруу болуп саналат. Ар бир үйдүн ээси бакчасы бар участокко ээ болот, ал эми комплекстин айланасы бак-дарактар жана гүлдүү өсүмдүктөр менен кооздолуп, жайлуулук жана табигый кооздуктун атмосферасы сунушталат.
Сууну тазалоо жана энергияны үнөмдөө
“Апорттун” негизги экологиялык чечимдеринин бири – бул саркынды сууларды туура башкаруу болуп саналат. Ысык-Көлдүн көпчүлүк калктуу конуштарында тазалоочу курулмалар эскирген же таптакыр жокко эсе болуп, көлдүн булганышына алып келүүдө. Ушундан улам “Апорт” заманбап саркынды сууларды тазалоо системасын ишке киргизген.
Бул кантип ишке ашырылат? Бардык саркынды суулар атайын резервуарга түшүп, ал жерде органикалык калдыктарды иштеткен бактериялардын жардамы менен тазаланат. Андан кийин суу чыпкаланып, кайра жашыл жерлерди сугаруу үчүн колдонулат. Бул жаратылышка болгон жүктү гана азайтпастан, суу ресурстарын үнөмдөөгө да шарт түзөт. Тазалоо системасын толук ишке киргизүү жаз мезгилине карата, коттедждик шаарчанын расмий ачылышына аз калган кезге пландаштырылууда.
Мындан тышкары, “Апорт” күн батареяларын орнотуп, аймакты жарыктандырууну эске алган. Мындай жарыктар буга чейин жээктеги эс алуучу жайда орнотулган жана жакынкы аралыкта комплекстин бардык аймагында пайда болушу күтүлөт.
ЕРӨБ колдоосу
Саркынды сууларды тазалоо системасын жана энергияны үнөмдөөчү чечимдерди өнүктүрүү Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) колдоосунун негизинде мүмкүн болду. Швейцария, Япония жана Европа Бирлигинин өкмөттөрү тарабынан каржылануучу ЕРӨБ чакан бизнес үчүн кеңеш берүүнүн алкагында курулушчулар эксперттик кеңеш алышкан. Анын негизинде, эксперттер эң натыйжалуу технологияларды тандап алууга жана чыгымдарды оптималдаштырууга жардам беришкен.
«Экологиялык чечимдер дайыма эле ачык-айкын боло бербейт, ал эми эксперттердин колдоосу бизге көп жылдар бою иштей турган чыныгы жогорку сапаттагы системаларды ишке киргизүүгө мүмкүндүк берди», - деп билдирди Чолпон Атамкулова.
Эмне үчүн Ысык-Көлдүн экологиясы мынчалык маанилүү?
Ысык-Көл – бул табигат тартуулаган эстелик гана эмес, андагы аймак үчүн маанилүү киреше булагы да болуп эсептелет. Туризм, балык уулоо, айыл чарбасы – мунун баары түздөн-түз көлдүн экосистемасынын абалынан көз каранды. Ошондуктан, мында келген ар бир жаңы ишкер өзүнүн артындагы экологиялык изи тууралуу ойлонушу керек.
“Апорт” долбоору бизнес кирешелүү гана эмес, жоопкерчиликтүү да болушу керектигин көрсөтүүдө. Жашыл технологияларды киргизүү жаратылышты гана сактап калбастан, узак мөөнөттүү келечекте турак жайды ыңгайлуу жана кирешелүү кылат.
«Биз келечек экологиялык таза чечимдерде деп ишенебиз жана биздин үлгү башка ишкерлердин жаратылышка кам көрүшүнө дем берет деген үмүтүбүз бар», - дейт Чолпон.