Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Женевада БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 58-сессиясында сөз сүйлөдү. Бул тууралуу бүгүн, 24-февралда өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Ал өз сөзүндө аймактык туруктуулуктун, жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоонун, ошондой эле глобалдык тынчтык жана коопсуздук күн тартибинин негизги маселелерине токтолду.
Байсалов БУУнун трибунасынан кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара сызыгы биротоло макулдашылганын жарыялап, бул окуяны "дипломатиянын жана саясий эрктин тарыхый салтанаты" деп атады.
"Бул макулдашуу президент Садыр Жапаровдун көрөгөч жетекчилигинин, анын аймактагы тынчтыкты жана туруктуулукту камсыз кылуу боюнча тынымсыз аракеттеринин аркасында мүмкүн болду. Биз эң татаал маселелер да диалог, өз ара урматтоо жана ишеним аркылуу чечиле тургандыгын далилдедик", - деди ал.
Мындан тышкары ал 31-мартта Худжандда Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстан башчыларынын тарыхтагы биринчи үч тараптуу саммити өтөрүн билдирди.
Белгилей кетсек, 21-февралда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын тең төрагалары Камчыбек Ташиев менен Саймумин Ятимов комиссиялар толук макулдашууга жетишкенин жарыялашкан.
Анда төмөндөгү үч документ боюнча макулдашуу долбоорлору кабыл алынганы малым болгон:
- Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишим;
- эки мамлекет ортосундагы автоунаа жолдорун куруу жана пайдалануу жөнүндө макулдашуу;
- эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн ортосундагы суу чарба жана энергетикалык объекттерге жетүүнү камсыз кылуу боюнча макулдашуу.
Эми бул үч документ эки мамлекеттин парламенттеринде ратификациядан өтүп, ага президенттер кол койгондон кийин күчүнө кирет.