Бишкекте бүгүн, 21-февралда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын биргелешкен жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдирди.
Маалыматка ылайык, жыйын УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин жана тажикстандык кесиптеши Саймумин Ятимовдун төрагалыгы астында өттү. Жолугушуунун жүрүшүндө өкмөттүк делегациялардын жетекчилери топографиялык жумушчу топтордун жана укуктук маселелер боюнча жумушчу топтордун жетекчилеринин маалыматтарын угушту жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоонун жыйынтыктоочу документтерин тариздөө боюнча аткарылган иштердин жыйынтыктарын бекитишти.
Тараптар төмөнкү долбоорлорду бекитти:
- Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасы жөнүндө келишим;
- автоунаа жолдорун куруу жана пайдалануу, унаа жолдорунун кесилишин жайгаштыруу жана пайдалануу жөнүндө макулдашуу;
- Министрлер кабинети менен Тажикстандын өкмөтүнүн ортосундагы суу чарба жана энергетикалык объекттерге жетүүнү камсыз кылуу боюнча макулдашуу.
Тараптар ошондой эле тиешелүү эки тараптуу эл аралык келишимдерди мамлекет ичинде макулдашуу жол-жобосун баштоого тапшырма беришти. Биргелешкен жыйындын жыйынтыгы боюнча тиешелүү протоколго кол коюлду. Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү кырдаалында өттү.