Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев "Ата-Бейит" мемориалдык комплексинин кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу маселесин көтөрдү.
Парламенттин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитети маданият министри кызматына Мирбек Мамбеталиевдин талапкерлигин карап жатканда эл өкүлү ага ушул маселени чечсе аягына чейин колдоп берерин айтты.
"Эгерде алардын айлыгын көтөрсөңүз, мен сизди канча убакыт министр болсоңуз ошончо колдоп-кубаттап жүрүүгө даярмын. Азыр "Ата-Бейит" мемориалдык комплексиндеги жапжаш балдар, пенсионерлер 6 миң сом айлык алып иштеп жатышат. Эң көбү 16 миң сом маяна алат экен", - деди Акаев.
Талкуунун жыйынтыгында комитет Мамбеталиевди маданият министри кызматына дайындоого макулдук берүүнү Жогорку Кеңешке сунуштады.